Өлкөдө быйыл сүт өндүрүү өткөн жылга салыштырмалуу көбөйдү

Өлкөдө быйыл 2020-жылга салыштырмалуу сүт өндүрүү 28,8 миң тоннага көбөйдү. Бул тууралуу Айыл чарба, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын январь-ноябрь айларында республика боюнча 1 миң 582,7 тонна сүт өндүрүлгөн. Өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу сүт өндүрүү 28,8 миң тоннага же болбосо 1,9 пайызга көбүрөөк болгон.
"Сүт өндүрүү республиканын бардык облустарында көбөйгөнү байкалат. Саан уйлар республика боюнча 19 миң 700 башка көбөйдү", - деп жазылган маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
3:33
2025-07-23
2:45
2025-07-23

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.