super.kg logo

Каракол шаары 2022-жылы КМШнын маданий борбору болот

 

Ысык-Көл облусунун Каракол шаары Тажикстандын Дүйшөмбү шаарынын эстафетасын расмий кабыл алып, 2022-жылы КМШ өлкөлөрүнүн маданий борбору болот. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-декабрда С.Айни атындагы Тажикстан мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында "Дүйшөмбү - КМШнын маданий борбору - 2021" жылынын жабылыш аземи жана 2022-жылдагы эстафетаны Каракол шаарына тапшыруу аземи болуп өттү.

"Иш-чаранын жүрүшүндө Каракол шаарына эстафетаны салтанаттуу түрдө тапшырган КМШнын Аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары - аткаруучу катчысы Бекетжан Жумаханов жана Дүйшөмбү шаарынын төрагасынын орун басары Амирхон Курбонзода сөз сүйлөштү. Кыргыз өлкөсүнүн Татарстан Республикасындагы элчилигинин кеңешчиси Медер Соорбеков куттуктоо сөз сүйлөп, Каракол 2022-жыл үчүн бардык социалдык жана маданий аспектилер боюнча жемиштүү болорун белгиледи", - деп жазылган маалыматта.

Маалымат үчүн:

КМШ мамлекет башчыларынын 2020-жылдын 18-декабрдагы чечими менен 2022-жылы Кыргыз өлкөсүнүн Ысык-Көл облусундагы Каракол шаары КМШнын 2022-жылдагы маданий борбору болуп жарыяланган.

Маданий борборлордун максаты - диалогду өнүктүрүү жана Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн маданий потенциалын бириктирүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: