super.kg logo

"Өз каалоолору менен чыгышкан". Сузакта президентти шаан-шөкөт менен тосуп алган окуя боюнча жергиликтүү бийликтин жообу

 

Социалдык тармактарда Жалал-Абад облусунда президент Садыр Жапаровдун кортежин жолдун эки тарабына тизилип тосуп алган жашоочулардын видеосу тарап, коомчулуктун талкуусуна жем таштады. Бул боюнча президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматчысы Нурайым Турдумаматовага байланышканыбызда, төмөнкүлөрдү билдирди.

"Президенттин Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Барпы айылындагы жергиликтүүлөрдүн жол боюна чыгып тосуп алуусу атайын уюштурулган эмес. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик жетекчилиги да ырастайт жана ал боюнча алдын ала маалымат болбогонун билдирет.

Окуя учурунда жашоочулар өлкө башчысын көрүү жана аны сый-урмат менен тосуп алууга өз каалоолору менен чыгышканын айтышкан", - деп билдиришти өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан.

Маалымат үчүн:

Социалдык тармактарда Жалал-Абад облусунда президент Садыр Жапаровдун кортежин жолдун эки тарабына тизилип тосуп алган жашоочулардын видеосу тараган. Ал эми президенттин администрациясынан учурда иликтөө жүрүп жатканын билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
20.12.2021. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Садыр Жапаров кошоматчылыка татыктуу эмес деп ойлойм. Азыр комочатыларды биринчи камаш керек. Түлкүнүн терисин жамынган кошоматчылар.
20.12.2021. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кулгондон башка арга жок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: