super.kg logo

Мырзалар да катышкан сайма саюу сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

 
Бишкекте өткөн саймачылардын республикалык чемпиондугу жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Иш-чара Улуттук тарых музейинде 19-декабрда өттү.
Чемпиондукта өзгөчө саймасы жана чыгармачылыгы менен айырмаланып I орунду Эркайым Асанбекова, II орунду Кундуз Абдыкеева, III орунду Нургүл Жээнбекова ээледи. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
"Чемпиондукта салт болуп калгандай, сайма саюу боюнча өткөн жылдагы сынактын жеңүүчүсү Диляра Орозалиева быйылкы жеңүүчү Эркайым Асанбековага эстафета-чапанды тапшырды. Эми Асанбекова аны сактап, келерки жылдагы жеңүүчүгө өткөрүп бермекчи. Ар бир финалист чапанга өзүнүн атын сайып калтырышы керек", - дешет маалымат кызматынан.
Ал эми белдемчи боюнча сынакта I орунга Сырга Өмүралиева, II орунга Эркайым Асанбекова, III орунга Батина Назаралиева татыды.
Андан сырткары Тарых музейинде уздардын колунан чыккан туш кийиздер, панолор, элечектер, чапандар, белдемчилер, баштыктар көргөзмөгө жана сатыкка коюлду.
Сынактын максаты - бүгүнкү күндөгү этно маданиятыбызды жана кол өнөрчүлүгүбүздү даңазалоого багытталып, кыргыз саймаларынын ордун баалап, аны алып жүрүүчүлөрдү шыктандыруу жана керме сайма саюуну жандандырууга өбөлгө түзөт.
Иш-чара "Кийиз Дүйнө" коомдук фонду, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жана Улуттук тарых музейинин колдоосу менен уюштурулду.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: