super.kg logo

"Баарыбыз көчөгө качып чыктык". Тургундар күйүүчү-майлоочу май сакталган кампада өрт биринчи жолу чыкпаганын айтышты

 

Бүгүн таң эрте Темирязев жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде күйүүчү-майлоочу май сакталган жайдан өрт чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрт эмнеден улам келип чыкканы такталууда. Ал эми өрт чыккан күйүүчү-майлоочу май сакталган жайга жакын жашаган тургундар нааразычылыктарын билдиришти.

"Эртең менен тарс-тарс болуп жатканынан эшикке чыксам, өрт болуп жатыптыр. Баарыбыз көчөгө качып чыктык.

Буга чейин 2 жолу өрт болгон. Бул жерде май сатылат, сасыйт. Борбор калаадагы тийиштүү мекемелердин баарына кайрылганбыз. Бирок эч кандай жыйынтык жок. Баары эле келишет, оозу-мурдун жаап "сасып жаткан турбайбы, биз карайбыз" деп кетишет. Ошол бойдон жооп жок.

Биз элге борбордо жашайбыз деп мактанабыз. Келгендин баары күлөт, эмне деген жыт деп. Сасыган күйүүчү майдын жытынан эшикке чыга албайбыз.

Жаан жаагандан элдин көчөлөрүнөн суу акса, биздин көчөдөн май агат. 20 жылдан бери эч кимдин күчү жетпей койду", - деди шаар тургуну Аваз Сманалиев.

Ал эми дагы бир тургун өрт чыккан күйүүчү май сакталган жайдын жанында бала бакча бар экенин айтып, өрт таң эрте чыккандыктан балдар өз үйлөрүндө болгондугун белгиледи.

"Өрт эртең менен чыкты. Түштө күйсө эмне болот эле? Бул жерде май сактоого такыр болбойт десек, жаппай жатышкан да. Биринчи жолу өрт чыкканда кошуналар өзүлөрү өчүрсө, экинчи жолу ӨКМдан келип өчүрүшкөн", - деди тургун.

Ал эми күбөлөрдүн айтымында, өрт болжолдуу саат 7:50дө чыккан.

"Эртең менен кызымды мектепке алып барып келе жаткам. Анан бул жактагы өрттү көрүп калдым. Болжолдуу саат 7:50дө чыкты окшойт", - деп билдирди күбө болгон жаран.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрт саат 10:51де толугу менен өчүрүлгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана чыгымдары такталууда.

Маалымат үчүн:

Өрттү өчүрүүгө 5 бөлүм, 1 суу ташуучу унаа, штаб, ыкчам топ, Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу жана ИИМдин кызматкерлери тартылды. Жерине Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев дагы келди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
21.12.2021. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дагы бир корупционердин иш канасы да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: