Исмаил Исаков “Кумтөрдөн” жабдуулар чыгарылууда” деди
Парламенттин Коргоо жана коопсуздук комитетинин 18-ноябрдагы жыйынында депутат Исмаил Исаков “Кумтөрдөн” жабдуулар чыгарылууда” деп билдирди.
Компания кенди улутташтырууга даярданып жатышы мүмкүн экенин айткан депутат “Мен шек санап жатам, эмне, жабдууларды жыл сайын оңдоодон өткөрмөк беле? Майда бөлүктөрүн оңдосо болот, а алар жабдууларды бүтүн бойдон чыгарууда”,- деди.
Исаков бул фактыны текшерүү керектигин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлүнө айтты. Башка депутаттар бул маселе Жогорку Кеңештин 20-ноябрдагы жыйынында карала турганын айтышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

