super.kg logo

"Мени улуу Орусия коргойт дегем". Аскар Акаевдин "Кумтөр" боюнча сурактан кийинки маеги

 

Кыргыз Республикасынын мурдагы президенти Аскар Акаев Орусиянын "Московский комсомолец" басылмасына маек берди. Анда туңгуч президент 16 жылга созулган сүргүн бүткөнүн, ага тагылып жаткан бардык айыптар алып салынганын, буга кантип жеткенин жана келечекте кандай пландары бар экенин баяндады.


"2021-жылы мен эки жолу мекениме бардым. Ал жакта күн сайын эртеден кечке чейин укук коргоо органдары менен абдан тыгыз иштештим. Азыр Кыргыз өлкөсү тарабынан мага карата эч кандай дооматтар жок, бардык иштер жабылды деп айта алам. Эми мен Кыргыз мамлекетинин башка жарандары сыяктуу эле каалаган убакта келе алам.

Албетте, буга азыркы президент Садыр Жапаровдун салымы чоң. Ал өзү мага телефон чалып, 16 жылдан бери Кыргыз өлкөсүндө мага карата көптөгөн иштер чогулганын, алардын көбү мурдагы иш экенин, бирок аларды жабуу үчүн менин түшүндүрмөлөрүм, жоопторум керектигин айтты. Бишкекке учуп келүү чакырыгын ыраазычылык менен кабыл алдым. Андан сырткары УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге ыраазымын. Ал жана анын бардык кол алдындагылары мага абдан жакшы мамиле кылышты. Алар мыйзамга ылайык иш кылышса да, абдан боорукер болушту", - дейт ал.

Кыргыз жергесине биринчи жолу барарда кооптонуу болбогонун, анткени анын сапары боюнча маселе Владимир Путин менен Садыр Жапаровдун деңгээлинде макулдашылганын айтат. Жапаров чалгандан 2 күндөн кийин эле (бул убакыт Орусия бийлигине кабарлама берүүгө сарпталды) ал Кыргыз жергесине келгенин белгилейт. "Жапаров телефон чалганда үйгө кайтып бара аларымды түшүндүм. Мурунку президенттердин тушунда Кыргыз мамлекетинин укук коргоо органдарынан бешинчи, онунчу прокурорлор мага кайрылышкан. Алар мен издөөдө жүргөндөрдүн тизмесинде экенимди, узак мөөнөткө эркимен ажыратылышымды айтып коркутушкан. Мен алардын бардык сөздөрүнө көңүл бурбай, "мени улуу Орусия коргойт" дегем. Бирок кийин мени президент өзү чакырганда сөздү желге ыргыткан жокмун. Мен Владимир Владимировичке Орусияда мага ушунчалык меймандос мамиле кылганы үчүн чексиз ыраазымын. Бул жерде иштегениме 16 жыл болду, менин үй-бүлөм үчүн эң ыңгайлуу шарттар түзүлгөн".

Акаев "Кумтөр" маселеси боюнча күбө катары да, айыпталуучу катары да суракка чакыртылганын белгиледи.

"Мага берилген суроолордун көбү ушул конкреттүү ишке байланыштуу. Биринчи алтын 1997-жылы берилген. Бирок 2000-жылдын башында кыянаттык менен пайдалануу башталып, экологияга чоң зыян келтирип, айрым чиновниктерибиз коррупцияга аралашты. Ишке зыян келтирбеш үчүн башка жагдайларды айта албайм. Бирок мен өзүмө тиешелүү суроолордун баарына жооп берип, тергөөчүлөргө эл аралык соттордо жардам бере турган бардык керектүү маалыматтарды берүүгө аракет кылдым", - деди маегинде.

Ал эми Кыргыз өлкөсүнө кайтуу тууралуу жакынкы аралыкка пландары жок экенин, Орусияда анын кызыктуу жумушу бар экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Аскар Акаев УКМК менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн негизинде 2-августта Бишкекке келип, ошол эле күнү сурак берген.

Ошондой эле "Кумтөр" иши боюнча кол коюлган документтер боюнча видео кайрылуу жасап кечирим сураган. 8-августта Аскар Акаев Бишкек-Москва багыты боюнча учуп кеткен.

Ал өлкөгө экинчи жолу 14-декабрда келип, "Кумтөр" иши боюнча суракта кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланбаганы далилденип, Москвага 19-декабрда учкан.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(15)
21.12.2021. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акаевдин жакшы жактары деле көп сомдун киргизилиши,биринчилерден бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө,Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы ж,б. көптөгөн эмгектери.
21.12.2021. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Jelezо жакшы киши. Ото жакшы киши. Бирок сен айткан нерселери олкого пайда алып келдиби. Садыр менен Камчыга соз жок. Ишти эзе бергиле от.
21.12.2021. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Jelezo,эгемендуу олко болгондон кийин ал болбосо да улуттук валюта кирмек! Ал ийгилик эмес
21.12.2021. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Бул киши окумуштуу,саясатка келбеши керек болчу, илимий иштери менен алектенип эле жүргөндө болмок,акайчикти Чыңгыз Айтматов алып келген, кийин өкүнгөн экен Чыке
21.12.2021. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
KaGaH,апсамат масалиевдин башын жеген ушу таз баш да, эмнесине актанып атат дагы. Бекмамат Осмонов, жрлон мамытов, а.масалиевдерди өлтурткөн дал ушу таз баш болгон.Анысы аз келгенсип бүт кыргызстанды сазга батырганычы Кайтаар дүнүйө да.
21.12.2021. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
nazira..., Насирдин Исановду да ушул өлтүрткөн, Кумтөргө тийишпениз деп каршы чыккан экен өзүбүз иштетебиз кийин деп, Москвадан көрсөм жумуртка менен урам тазды
21.12.2021. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Мени улуу Орусия коргойт дегени окундурот
21.12.2021. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Мени эң эле өкүндүргөнү Акаевдин убагында приватизация деп завод- фабрикалар, короо -короо кой, уй, топоз, жылкылардын тонолгону, жерлердин үлүш болуп таркап кеткени өкүндүрөт! Ошолордон эч болбосо завод -фабрикалар калганда соонун болмок!
21.12.2021. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
AdylbekB84,Кыскасы баарын талкалаган,иш билбестиктин айынан,ал кезде президент болууга даяр эмес болгон,күтүүсүздөн эле президент болуп калган,бир эки трайбалисстин айынан,кийин үйбүлөлүк клан башкарып калды Кыргызстанды
22.12.2021. 03:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Менин оюм, мага да жаман создорду жазып журбогуло айланайындар.
Акаевдин жакшы жагы Кыргызстанды демократиялык жолго салганы. Ошого ылайыктуу мыйзам чыгарганы. Бечара союз маалында сыртка чыгып журуп тушунгон окшойт да эл бир гана демократиялык жол менен кетсе онуго алат деп.
Биз мактана беребиз эркиндикти суйгон элбиз деп. Бизге да Каримовдой, Рахмоновдой, Гурбангулыдай президент келсе, адамдарды туну менен кырып, уйлордон тундосу алып кетип дайынсыз жок болуп турса корот элем бааты
22.12.2021. 08:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акаевдин деле эмгеги бар.Бирок ондурушту талкалап,айыл чарбаны отургузуп,корруциянын гулдоп онугушуно жол берген жагы чатак.Масалиев озу эле иштегенде мындай болбойт беле ким билет.
22.12.2021. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1. Конституцияны алты жолу озгорткон! 1993-жылдагы конституция калыш керек эле, улам озгортуп отуруп мамлекеттин талкаланына жол ачып, коррупцияны гулдоткон
2. Бардык ондуруш ишканаларды талкалап тоноп буткон. Айылдарда дагы завод ишканалар бар эле. Азыр шаарда да жок ал ишканалар
3. Билим беруу системин талкалап бутту, озу окумуштуу болсо да. Айылдарга чейин университет ачып. Жыйынтыгы дипломдуу компитетсиз адистер кобойду
4. Трайбализм озгочо куч алды. Кадр системасы олду
22.12.2021. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Коррупция нын чон атасы ушул Акаев и майрам Акаева
23.12.2021. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улуу Россия коргойт деп алганын. Орустарын каныңды жаныңды пайдаланып анан кайдан көрдүм кара эшек кылат.
26.12.2021. 08:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кырызстанга келгенде эле токтоосуз камаш керек эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: