Сиздин тааныштардан да кезигеби? Быйыл миңден ашуун ымыркайга Акжол, Айсулуу, Мээрим деген ысымдар коюлду
Токиодогу Олимпиадалык оюндардын байгелүү орундарынын ээси Акжол Махмудовдун, Айсулуу Тыныбекованын жана Мээрим Жуманазарованын урматына 1000ден ашуун жаңы төрөлгөн наристелерге алардын ысымдары ыйгарылды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, октябрь айында Айсулуу, Мээрим жана Айпери Медет кызынын урматына үч эм кыздарга да алардын ысымдары ыйгарылган.
Быйыл кыргыздын желегин желбиреткен балбандардын урматына алардын ысымдарын коюшкан:
- Акжол - 414 наристеге;
- Айсулуу - 323 наристеге;
- Мээрим - 374 наристеге;
- Айпери - 279 наристеге ысымдары берилген.
Акжол Махмудов жана Айсулуу Тыныбекова 2021-жылдын Олимпиадалык оюндардын күмүш байге ээлери болушса, Мээрим Жуманазарова коло медалдын ээси.

Айпери Медет кызы Токиодо 5-орунду ээлеп, 2021-жылы Дүйнө чемпиондугунда коло медалын алса, кийинчерээк 23 жашка чейинки спортчулардын арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпиону болгон.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
3:33
2025-07-23
2:45
2025-07-23

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(1)
ayzhan12

22.12.2021. 04:49
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Диний фанаттар арабтардын аты жөнүнө сиңирилип кетишти.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.