super.kg logo

Бишкекте Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү

 

Бүгүн, 21-декабрда президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын баатыры, көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчы Жусуп Абдрахмановдун жашоосу жана ишмердүүлүгүнө арналган кыргыз, орус жана англис тилдериндеги жаңы эмгектердин көргөзмөсү менен таанышты.

Иш-чаранын катышуучуларына Жусуп Абдрахмановдун ишмердүүлүгү тууралуу даректүү тасма көрсөтүлүп, "Таазим" театралдык прологу коюлду.

Президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, анда Жусуп Абдрахмановдун кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыптандыруудагы жана чыңдоодогу, бүгүнкү эгемендүүлүгүбүздүн пайдубалын түптөөдөгү ролун өзгөчө белгиледи.

Иш-чара концерттик программа менен уланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: