super.kg logo

ИИМде Ооганстандан чыгуучу баңгилик коркунучтар боюнча талкууланды

 

ИИМдин кызматкерлери Ооганстан жана анын коңшу мамлекеттери үчүн 2022-2025-жылдарга карата аймактык программасынын 3-фазасын баштоо иш-чарасына катышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Москва шаарында Эл аралык соода борборунда Париж Пактынын эксперттер тобунун Ооганстандын аймагынан чыгуучу баңгилик коркунучтар менен күрөшүүдө чек аралык кызматташууну бекемдөө тематикасы боюнча жумушчу жолугушуусу өткөрүлүп, ага Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын жетекчиси Уланбек Султанов жетектеген Кыргыз Республикасынын делегациясы катышты.

Аталган иш-чарага 31 мамлекеттин жана 14 эл аралык, аймактык уюмдардын, анын ичинен БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынан 150дөн ашуун делегаттар катышкан.

Отурумда Уланбек Султанов өлкөдөгү баңгилик кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча жетишкен жыйынтыктар тууралуу айтып, татаал тоолуу шарттарда учкучсуз учуучу аппараттарды киргизүү тажрыйбалары менен бөлүшкөн.

Отурумдун жүрүшүндө катышуучулар Ооганстандагы баңгилик кырдаалга берген баалары, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүүдөгү жана баңгизаттарга каршы күрөшүү боюнча кадрларды даярдоодогу аракеттери, практикалык колдонмолор менен бөлүшүшкөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: