Токон Мамытов "Ош шейиттери" жана "Өчпөс от" коомдук уюмдарынын лидерлерин кабыл алды
КРнын Коргоо, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министри Токон Мамытов бүгүн, 18-ноябрда "Ош шейиттери"
жана "Өчпөс от" коомдук бирикмелеринин лидерлери Төрөбек Аматов менен
Тургунайым Айтиеваны кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз
кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Жолугушуунун
жүрүшүндө коомдук бирикмелердин лидерлери 2010-жылдын Июнь окуясындагы
жабырлануучулардын чечилбей жаткан маселелерин айтышты. Алар вице-премьер-министрге Убактылуу өкмөттүн тушунда убада
кылынган 50 миң сом өлчөмүндөгү грантты албай калган 997 ишкердин тизмесин беришти. Ошондой эле Төрөбек Аматов
жана Тургунайым Айтиева өкмөттөн Ош шаарын калыбына келтирүү программасынын
алкагында турак жай алган жарандардын бардыгын текшерүү уюштурууну талап
кылышты.
Алардын “бизде гранттарды жана батирлерди Июнь окуяларында
жабырлануучу катары катталбаган адамдар алгандыгы жөнүндө маалымат бар” дегенине Токон Мамытов түзүлгөн кырдаалды талдап чыгууну убада кылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

