Улуусу 70те болсо, кичүүсү 50дө. Токтогулдун Ничке-Сай айылын шаңга бөлөгөн "шайыр апалар"
Бүгүнкү биздин каармандарыбыз айыл жеринде маданият үйү жок болгонуна карабай, өз демилгелери менен айыл элинин маданиятын өнүктүрүү максатында "Шайыр апалар" долбоорунун негизинде "Тууганбай ата кыздары" тобун түзүп, калк кызматын аркалап келишет. Тактап айтканда, аталган чыгармачыл топ Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Ничке-Сай айылындагы таланттуу тургундарынан түзүлгөн.
"Тууганбай ата кыздары" тобу кантип түзүлүп калганы, мүчөлөрү жана чакан чыгармачылык топтун алдыдагы пландары тууралуу топтун жетекчиси Бусайра Уезбаева айтып берди.
"2019-жылы башка аймактардагы "шайыр апаларды" көрүп, биз дагы түзсөк деп ойлоп жүргөнбүз. Ошол учурдагы айыл өкмөт башчысы Асанбек Жаныбаев "башка жакта "шайыр апалар" түзүлүп жатат. Сиздер дагы түзбөйсүздөрбү?" деп сунуш айтып калды. Ошондон кийин топ түзүп калдык. Учурда "Тууганбай ата кыздары" тобунун 13 мүчөсү бар.
"Шайыр апалардын" тобуна мүчөлүккө тандап алууда тургундардын чыгармачылык жөндөмүн эске алдык.
Топко ат тандап, кыргыз элине аттын кашкасындай белгилүү төкмө акын Тууганбай Абдиевдин урматына "Тууганбай ата кыздары" деп коюп калдык.
3 жылдан бери айыл элине кызмат кылып келе жатабыз. Ар түрдүү майрамдарда, иш-чараларга, сынактарга катышып жүрөбүз. Айыл элине концерт коёбуз.
Формаларыбызды жана инструменттерибизди (шылдырак, комуз) алууда айыл өкмөтүнөн жардам беришти. Андан сырткары айыл элинин азаматтары көмөктөшүп келишет.
"Шайыр апалар" долбоорунун төртүнчү телефестивалына катыштык", - деп билдирди Уезбаева.
Мындан тышкары элет элинин маданиятын көтөрүү максатында айыл ичинде ыр кесе концертин өткөрүп турушат.
Чыгармачыл айыл тургундарынан куралган топ кол өнөрчүлүк менен дагы алектенишет.
"Мындан тышкары кол өнөрчүлүк менен дагы алектенебиз. Жасаган буюмдарыбызды райондогу көргөзмөгө алып чыккан учурларда каалоочулар болсо сатабыз. Түшкөн каражатты топтун фондуна салабыз. Калгандарын өзүбүз керектөөлөрүбүзгө жумшайбыз", - деп кошумчалады топтун жетекчиси.
Жакында эле "Тууганбай ата кыздары" тобу "Жылдын мыкты апалары" деген сыйлыкка татыды. "Шайыр апалардын" эң улуусу 70 жашта болсо, эң күчүүсү 50 жашта.
"Тууганбай ата кыздары" тобунун 13 мүчөсү бар:
1. Бусайра Уезбаева
2. Ширинкан Тогузакова
3. Сайкал Эмилбекова
4. Дуреякан Касымбекова
5. Гулмира Боронбаева
6. Созулкан Жапарова
7. Гулзат Рыскулова
8. Жыпаркан Малабекова
9. Рая Смаилова
10. Айнура Рысалиева
11. Дамира Кадырбаева
12. Сырга Сасыбаева
13. Тотуя Тиленбаева
"Алдыңкы убакта "Үч теректин үч кызы" (ред.: Лира, Анапия, Дилбар Райымбековалар) менен клип тарттырсак деген максатыбыз бар. Дагы башка жакшы максаттарыбыз бар", - деди Уезбаева.
кошулду

