Тажикстандын өкмөтү отставкага кетти
Акил Акилов (сүрөттө) баштаган Тажикстандын өкмөтү толук курамда отставкага кетти. Жаңы өкмөт бекитилгиче ушул курам убактылуу иштеп турат

Президент Эмомали Рахмондун буйругу менен Тажикстандын өкмөтү толук курамда отставкага кетти. Тажикстандын Конституциясына ылайык, өлкөнүн премьер-министри, министрлер, мамлекеттик комитеттин башчылары жаңы шайланган президенттин алдында ыйгарым укуктарын тапшырышты. Буйрук боюнча, жаңы өкмөт бекитилгиче ушул курам иштеп турат.
Эскерте кетсек, 6-ноябрда Тажикстанда президенттик шайлоо өтүп, анда Э.Рахмон шайлоочулардын 84 пайыз добушун алуу менен төртүнчү мөөнөткө президент болуп шайланган эле. 16-ноябрдан тарта Рахмон расмий түрдө кызматына киришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

