super.kg logo

Активист Мелис Аспеков камакта калтырылды

 

Бишкектин Биринчи Май райондук соту камактагы активист Мелис Аспековдун жактоочусунун өтүнүчүн канааттандырбай, абакта калтыруу чечимин кабыл алды.

Маалыматка ылайык, жактоочу Сергей Манукян сотко Аспековдун күнөөлүү эместиги боюнча далилдер чогулганын жана анын жүрөгүнө операция жасатканын эске алып, бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен кайрылган.

Буга чейин Мелис Аспеков инфаркт алып ооруканага жаткырылган. Андан соң жүрөгүнө операция жасалып, менчик клиникалардын биринде операциядан кийин дарылануусун улантып жаткан

Мелис Аспеков 8-январда УКМК тарабынан кармалган. 10-январда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал жана дагы бир активист Улан Жураев "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилигинин арызынын негизинде камакка алынган. УКМК алар бул ишканадан 250 миң доллар талап кылганын билдирген. Кийин Жураев үй камагына чыгарылган.

Кийин тергөө абагында отурган активист Аспеков Фейсбуктагы баракчасына президент Жапаров талапкер учурунда шайлоо кампаниясына экс-президент Сооронбай Жээнбековдун үй-бүлөсүнөн 10 миллион доллар алганы тууралуу билдирүү жазган.

Ички иштер министрлиги анын бул билдирүүсүнө байланыштуу сотко чейинки териштирүү баштаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: