super.kg logo

"Апамдын көзү өткөн соң туулган күн мага мурдагыдай маанилүү эмес". Өмүрбек Текебаев туулган күнүн кандай өткөрүүдө?

 

“Ата-Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев бүгүн, 22-декабрда 63 жашка чыкты.

Пайгамбар жашка толгон саясатчы туулган күнүн үй-бүлөсү менен жаратылыш койнунда өткөрүп жатканын партиянын штабынан билдиришти.

“Өмүрбек Текебаев туулган күнүн үй-бүлөсүнүн курчоосунда өткөрүүдө. Жакындары менен таза абада, жаратылыш койнунда белгилегени тоого кетишти”, - деп жооп беришти штабдан.

Бир күн мурун саясатчы Фейсбук баракчасына аны жылда туулган күнү менен биринчилерден болуп апасы куттуктап келгенин эскерип билдирүү калтырган.

“Эртең менин туулган күнүм. Туулган күнүм менен баарынан биринчи апам телефон чалып куттуктайт эле. Менин туулган күнүмдү чыдамсыздык менен күтүп, куттуктаганга шашкан адам апам эле. Анысын билип, мен да апамдын звоногун күтөт элем. Эртең андай звонок болбойт. Билсем да андай звонокту күткүм келет. Эми туулган күн мага мурункудай мааниге ээ болбой калды.

2016-жылы күзүндө мен айылга бардым. Айылга барган сайын апам менен бир бөлмөдө, апам диванда, мен жанына полго төшөк салдырып жатчумун. Түн бир оокумга чейин айылдагы жаңылыктарды сүйлөшөт элек.

Бир жолу апам “менин да бара турган убактым болду, мени менен теңдер 15-20 жыл мурда өтүп кетишти, андан кийин өзүмдөн 15-20 жаш кичүү келиндер менен достоштум, алар да өтүп кетишти” деп сөз козгоп калды. Мен “апа, алдыда сен көрө турган чоң-чоң окуялар, жакшылыктар көп, шашпа” деп айттым. Бирок ичимден “биз эмнени туура эмес кылдык, эмнеге апам бул дүйнөдөн тажап кеткиси келип жатат” деп көпкө бушайман болуп жүрдүм.

Бир нече айдан кийин, 2017-жылдын февралында Венадан кайтып келе жатканымда мени Атамбаевдин буйругу менен кармап, УКМКнын СИЗОсуна камашты. СИЗОнун башчысы Бакыт деген жигит жумасына бир жолу апам менен телефон аркылуу сүйлөшкөнгө уруксат берет эле. Телефондон апамдын үнү чыйрак, кайраттуу чыгып калыптыр. Ошондо мен Бакытка: “Бакыт, менин камалганымдын терс эле жагы эмес, жакшы жагы да бар. Бул дүйнөдөн чарчадым деп кеткиси келип жаткан апамдын үнү кайраттуу чыгып, чыйралып, пландарды түзүп, күрөшкө чымырканып калыптыр. Жок дегенде апама дагы бир нече жылга жашаганга дем, мотивация берсин үчүн дагы мен Кудайга ыраазы болушум керек”, - деп айттым эле.

Акыркы жолу апам 2020-жылдын октябрында Бишкекке биздин үйүбүзгө келип, декабрда кетти. Айылга кетээринде мага: “Уулум, бүгүнкүлөргө (бийликтегилер дегени) ишенбе! Адамдар антип айтып жатат, минтип айтып жатат деп уга бербе, жүрөгүң айтканды, көңүлүңө жакканды кыла бер!”, - деп бата берген. Ал апамдын акыркы кеңеш-керээзи экен, көрсө...”.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(5)
22.12.2021. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Апалар Энелер аман болсун.
22.12.2021. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Теке дем ал эми,жашыңда бир топко барып калды
22.12.2021. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Tursunbaev1978,сага зыяны тийдиби же ордуңду талашып жатабы?
22.12.2021. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туулган кунунуз менен, апалар аман болсун
22.12.2021. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туулган кунунуз кут болсун, жузго чыгыныз, сизге карап ургондорго конул бурбаныз .
modem4999 түзөттү 2021-12-22 13:28:54
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: