super.kg logo

Памирлик кыргыздар үчүн атайын багыттагы шаарчанын курулушу кийинки жылы башталат

 

Памирлик кыргыздар үчүн атайын багыттагы шаарчанын курулушу кийинки жылы башталат. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Алай районунун Талды-Суу айылында жашаган памирлик кыргыздар менен болгон жолугушууда билдирди.

Президент Садыр Жапаров Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн Бүргөндү-Суу тилкесин бөлүп, калган этникалык кыргыздарды көчүрүү үчүн атайын шаарчанын курулушуна капсула салды. Азыр иш жүрүп жатат. Министрликтин ушул жылдагы бюджетинен Чоң-Алай районуна 10 миллион сом бөлүнүп берилген жана 70 гектар жерди трансформациялоо,шаарчанын башкы планын түзүү, инженердик-архитектуралык пландоо боюнча иштер аяктады.

Курулуш иштери кийинки жылы башталат.

"Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын 2026-жылга чейинки министрлер кабинетинин стратегиялык өнүгүү боюнча улуттук программасына киргизилген", - деди министр.

Памир кыргыздарына андан тышкары министр Кудайберген Базарбаев президенттин атынан азык-түлүк жана кышкы кийим-кече түрүндөгү гуманитардык жардам берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
22.12.2021. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Максат айылында ок атылыптыр неге чыгарбай жатасынар билип туруп
22.12.2021. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Үйү жок бездомныйлар барып жашаса болот бекен ошол салына турган үйлөргө, же только памирликтергеби.
22.12.2021. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жардам берген туура бирок озубузгода конул бурсанар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: