super.kg logo

Жогорку Кеңештин жаңы депутаттарына мандат тапшыруу убактылуу токтотулду

 

Жогорку Кеңештин жаңы шайланып келген депутаттарына мандат тапшыруу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бүгүн, 22-декабрда өткөн маалымат жыйында айтты.

Маалыматка ылайык, шайлоо боюнча сотто бир нече арыз каралып жаткандыгына байланыштуу БШК мандат тапшырууну убактылуу токтоткон.

"Сотто биз кабыл алган чечим боюнча үч, бир мандаттуу округ боюнча дагы иштер каралып жатат. Ошого байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттарын каттоо маселесин биз убактылуу токтотуп турабыз", - деди Шайлдабекова.

Буга чейин эртең, 23-декабрда жаңы депутаттарга мандат бериле турганы айтылган. Ал эми бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын иши соңуна чыгары кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
22.12.2021. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жакшы жанылык угабызбы озу Кыргызстан тарыхындагы эн эле начар депутаттар 6 чакырылыштын депутаттары болду легитимсиз Бир жылдан ашык отурушту уже конституциянын ксын сыйлап коюшпады былтыр кворумга коркконун эле барышты Камчы Колбаевден спортсмен балдардан коркконунан дагы элитабыз деп коюшат
23.12.2021. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эскилер кетпей туралы деп Нуржандын тамагын майлап коюшкан го
23.12.2021. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соодалашуу журуп жатат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: