super.kg logo

Сумаянын атасы: "Кылмышка шектелип кармалган адамды буга чейин такыр көргөн эмесмин"

 

Бүгүн Жалал-Абад облусунун Сузак районунда дайынсыз болуп, кийин жансыз денеси табылган Сумая Хосилжанованы өлтүрүүгө шектелип Сузак районунун тургуну, 1973-жылы туулган У. А. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ал эми Сумая Хосилжанованын атасы Уткирбек Сулайманов кылмышка шектелип кармалган адамды тааныбай тургандыгын ага байланышканыбызда билдирди.

"Кылмышка шектүү катары кармалган адамды буга чейин такыр көргөн эмесмин, тааныбайм дагы. Эмне үчүн мындай кадамга барганы тууралуу милиция териштирүү иштерин жүргүзүп жатат", - деп билдирди Сулайманов.

Маалымат үчүн:

Сумая Хосилжанова 18-ноябрь күнү саат 12:40 чамасында мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Аны издөөгө 100дөн ашуун ыктыярчы тартылган.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда дайынсыз болуп, 27-ноябрда жансыз денеси табылган Сумая Хосилжанованын өлүмү боюнча "киши өлтүрүү" беренеси менен иш козголду.

Сумаяны акыркы сапарга узатуу зыйнатына 10 миңден ашуун адам катышкан. Анын сөөгү Сузак айылынын Кайрагач мазарына жерге берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
23.12.2021. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Негизги кылмышкер бул эмес, болгону мелийсалар иштеп жаткандарын көрсөтүш үчүн дагы бирөөнү подстава кылышты!!!
23.12.2021. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
KG-312,мен да ошентип ойлойм, уй булосу жок бир адам экен , мойнуна алдырышты коркутуп.Ошол эле жерде жашайт экен эмнеге мурда табышкан эмес, эгер кылмышкер болсо.Бул деген эл козуно эле экени айдан ачык корунуп турат.
23.12.2021. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыйнап эле мойнуна алдырып койуштубу ошондо?
23.12.2021. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Байкуш уй булоосу жок болсо кыйнап мойнуна алдырып койдубу балким.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: