Жалал-Абадда пиротехникалык каражаттарды саткан соодагерлерге эскертүү берилди




Жалал-Абад шаарында атайын түзүлгөн комиссия тарабынан пиротехникалык каражаттар боюнча рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Ага ылайык, рейдге шаардык ички иштер бөлүмү, өрт коопсуздук кызматы, ошондой эле шаардык керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин адистери чыкты.
Анда шаар аймагында пиротехникалык каражаттарды сатууга тыюу салынганы эскертилип, үч сатуучунун пиротехникалык каражаттары сатуудан алып салынды.
Алдыда шаар аймагында мындай рейд улантылып турат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
3:33
2025-07-23
2:45
2025-07-23

Рейтинг:
0

Атпай койсо болобу ушуну!