"Эркекче!" ток-шоу: Көп аялдуулук талкууланды. "Туугандарым 2-аял кылып берип коюшту" дейт берүүнүн каарманы Айжан




SUPER.KG порталында жана YouTube каналындагы “Эркекче!” ток-шоу берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы жарык көрдү. Бул ирет берүүгө келген коноктордун талкуу чордонунда мырзалардын көп аял алуусу жөнүндөгү көйгөй болду.
Талкууга катышкандардын бири "бул көйгөй эмес, тескерисинче көйгөйдү чечүүнүн туура жолу" десе, экинчи тарап "2-аял менен ойноштун айырмасы жок" деген оюн билдирип жатты.
Ошондой эле ток-шоуго Айжан аттуу келин келди. Ал өзүнүн башынан өткөн окуясын айтып берди. "Туугандарым жашың өтүп кеткенче турмушка чык дешкен. Ошентип мени 2-аял болуп турмушка чыгууга макул кылышты.
Бирөөнүн 2-аялы болуп жашаш айтышка оңой, чындыгына келгенде абдан кыйын экен" деген каарманыбыз жолдошу менен ажырашып кеткенине өкүнбөй жатканын кошумчалады.
Ток-шоунун толук чыгарылышын видеодон көрүңүз.
кошулду
“Эркекче!". “Туугандарым экинчи аял кылып берип коюшту"


1 |