super.kg logo

Кыргыз өлкөсүндө Спутник V вакцинасы эмнеге чыгарылбай жатканы белгилүү болду

 

Орусиянын соода өкүлү Валерий Латыпов Кыргыз өлкөсүндө Спутник V вакцинасын даярдоо эмнеге дагы деле башталбай жатканын "Sputnik" маалымат агенттигине айтып берди.

Айтымында, негизги себеп Кыргыз мамлекети тарабынан бөлүнүп берилген аянтчанын тардыгынан улам вакцина өндүрүү жүзөгө ашкан жок.

“Бизге бөлүнгөн ишкананы барып көрүп келдик. Ал Спутник V вакцинасын даярдоого абдан эле тардык кылат. Ооба, ал жерде жогорку технологиялар орнотулуптур, жакшы медициналык шарттары бар экен, бирок биз ишке ашыра турган долбоор үчүн өтө тар. Эгер кеңейтүү мүмкүнчүлүгү болсо, биз маселеге кайтып келүүгө даярбыз", - деген Латыпов.

Буга чейин Сокулук районундагы дары-дармек чыгарган ишкананы Валерий Латыпов баштаган орусиялык адистер көрүп келгени кабарланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: