super.kg logo

Жылнаама. 19-ноябрь: Эл аралык эркектер күнү

 
*1953-жылы 19-ноябрда Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү Каныбек Осмоналиев жарык дүйнөгө келген. 

Каныбек Осмоналиевдин кичи мекени Чүй облусунун Кемин районундагы Бейшеке айылы. 1980-жылы Москва шаарында өткөн Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү. Оор атлетика боюнча дүйнөнүн 4 жолку, Европанын 2 жолку чемпиону.  

К.Осмоналиев быйыл 60 жашка толду. Анын юбилейи жогорку деңгээлде белгиленип, бул мааракенин алкагында 14-22-ноябрь күндөрү Бишкекте оор атлетика боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Ага бир нече мамлекеттин балбан билек оор атлетчилери катышары күтүлүүдө.  

 

*19-ноябрь - Эл аралык эркектер күнү. Бул күн алгачкы жолу 1999-жылы Тринидад жана Тобаго өлкөсүндө белгиленген. Андан кийин бул майрам Австралия, Түндүк Америка, Азия, Европа өлкөлөрүнүн, Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосуна ээ болгон. Майрамдын өзөгү гендердик дискриминацияга жана бир жыныстуу никеге каршы коомчулуктун көңүлүн буруу болуп эсептелет. Учурда бул күн майрам катары АКШ, Улуу Британия, Канада, Дания, Кытай, Өзбекстан, жалпы 60тан ашык өлкөдө белгиленет. 

 

*1825-жылы 19-ноябрда орустун улуу акыны Александр Пушкин өзүнүн "Борис Годунов" аттуу драмасын жазып бүткөн.

 

Жылнаама толугу менен бул жакта ...


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: