super.kg logo

Кыргыз бийлиги Google, Facebook сыяктуу компаниялардан салык алууну көздөп жатат

 

Өлкөдө Google, Facebook жана Yandex сыяктуу ири компаниялар дагы каттоодон өтүп, салык төлөшү керек. Бул тууралуу маалымат жыйында Экономика жана коммерция министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын жетекчиси Кубанычбек Ысабеков билдирди.

Анын айтымында, аталган гигант компаниялар Кыргыз өлкөсүндө өкүлчүлүктөрүн ачуусу зарыл эмес, болгону электрондук түрдө каттоодон өтүп коюшу жетиштүү.

"Google, Facebook жана Yandex сыяктуу ири компаниялар салык төлөшү үчүн Кыргыз өлкөсүндө өкүлчүлүктөрүн ачуусу талап кылынбайт. Алар электрондук каттоодон өтүп койгону жетиштүү. Ошондой эле аралыктан отчёт тапшырып, салык төлөшү кажет.

Бизде кошумча нарк салыгы (КНС) 12 пайызды түзөт. Учурда канча салык түшөрүн айтуу кыйын. Алдыда анализ жүргүзүп көрүү керек. Аталган компаниялар биздин аймакта жарандарыбыздын эсебинен киреше таап жаткан соң салык төлөгөнү туура", - деди Ысабеков.

Белгилей кетсек, жаңы Салык кодексинде Кыргыз өлкөсүнүн аймагында электрондук түрдө кызмат көрсөтүүчү компаниялар (ред.: Google, Facebook жана Yandex TAXI) тарабынан КНСти төлөө режими киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
24.12.2021. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Баарынан да биринчи Яндекс таксиден алгыла.
24.12.2021. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Туура алышсын. Блогерлерден, гив ойноткондордон, тик-ток тарткандардан.
24.12.2021. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Мисалы Яндекстен налог алса анда ал налогту кайра эле жургунчулор толойт негизи эле мамлекет тарабынан алынган любой нологту эл толойт ошондуктан ашынбай тургула и так эле кымбатчылыкта жонокой элге эле кыйын болот .
24.12.2021. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Фейсбук менен гуглга налог салса платный кылып койот го кайра өзүбүзгө
24.12.2021. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Качаан эле киргизиш керек эле Өзбекстан алып жататко налог, бир жолу 16 миллион доллар төлөдү деп чыкты беле суперге.
24.12.2021. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
ошол үчүн өзбекстанда интернет колдонуу өтө кымбат.
25.12.2021. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Миллиондогон акчаны алып Марк байып атат, давно киргизиш керек болчу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: