super.kg logo

Чолпон-Ата шаарында Жусуп Абдрахмановдун эстелиги ачылды

 

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 24-декабрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Жусуп Абдрахмановдун эстелигинин ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Малыматка ылайык, чогулгандар алдында сүйлөп жатып, мамлекеттик катчы өлкөдө кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөрүнүн бири, кыргыз элинин чыныгы баатыры Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына арналган иш-чаралар жыл бою өткөнүн эске салды. Мындай иш-чаралар кийинки жылдары дагы уланарын айтты.

Ал Абдрахмановдун мамлекеттик ишмердүүлүгүн илимий мекемелерде, ЖОЖдордо изилдеп, доктордук, кандидаттык диссертацияларды даярдашууда.

Мындан сырткары, Сүйүнбек Касмамбетовдун айтымында ноябрь айында Казакстандын Алматы шаарында чыгаан мамлекеттик ишмердин 120 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция болуп өткөн.

«Мен өзүм тарыхчымын. Биз окуп жатканда бул киши тууралуу болгону жарым эле абзац бар эле. Касым Тыныстанов, Зияш Бектенов, Баялы Исакеев, Жусуп Абдрахманов болгон деп эле койчу. Эч ким бул адамдарды даап айта алган эмес. Ал кезде башка доор болгон эле. Улуттук аң сезимди ойготуучу, улуттун негиздөөчүлөрүнүн өмүр баянын окутуу ошол кезде балким опурталдуу болгондур», — деди мамлекеттик катчы.

Ошондой эле кыргызстандыктардын арасында өлкөнүн кызыкчылыктарын баарынан жогору койгон уул-кыздары көп болгонун белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.12.2021. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кана эстелик?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: