super.kg logo

ИИМ каза болгон милиция кызматкеринин баласы менен кошо келген 30 балага белек берди

 

Ички иштер министрлиги каза болгон милиция кызматкеринин баласын жана 30 балага жардам көрсөттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кылмышкерлер менен аёосуз күрөшүп, элибиздин тынчтыгы менен бейпил жашоосун камсыздайм деп жүрүп кызмат учурунда курман болгон милиция кызматкерлерибиз жок эмес. Алардын ысымдары алтын тамгалар менен Кыргыз милициясынын тарыхында жазылып калганы менен артында ый-муңга, ызага толгон ата-энеси, жесир калган жубайы, атасыз калган балдары бар эмеспи. Ички иштер министрлигинин жетекчилиги кызмат учурунда курман болгон милиция кызматкерлеринин атын өчүрбөй, элесин түбөлүккө сактап, жаш тартип сакчыларына үлгү болуусу үчүн ар кандай спорттук иш-чараларды өткөрүп, майрам учурларында үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүп, моралдык жактан дагы колдоо көрсөтүп келүүдө.

24-декабрда президент Садыр Жапаровдун катышуусундагы президенттик балатыга 2013-жылы кызмат учурунда курман болгон милициянын старшинасы Ниязалы Атахановдун 5-класста окуган уулу Жумадил Адашов дагы катышты. Өлкө башчысы катышкан бул иш-чарага мектепти жакшы окуган, үлгүлүү жүрүм-туруму менен айырмаланган тартип сакчысынын баласы дагы катышканы бизди дагы кубандырат. Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өткөн балдарга арналган бул майрамдык иш-чарада Жумадил өлкө башчысындай болуп мамлекетибизге, элибизге кызмат кылууну кыялданганын, президенттин колунан белек алганына кубанычта экенин журналисттерге берген маегинде айтып берди. Баланын апасы дагы милиция кызматкери. Самара Эсенбаева жолдошу курман болгондо, анын атын өчүрбөө максатында милиция кызматкери болууну чечкен. Учурда Самара Эсенбаева Жалал-Абад ШИИБинин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электер менен иштөө боюнча инспектору. 25-декабрь күнү ИИМдин кызматкерлери Жумадил Адашов менен жолугуп, майрамдык маанай тартуулашып, өздөрү менен кошо белек катары алып барган китептерди, таттууларды тапшырышты. Ошондой эле Жалал-Абад облусунан Жумадил менен кошо келген 30 баланы дагы келе жаткан жаңы жылы менен куттукташып, ИИМдин кызматкерлери белектерди беришти", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: