super.kg logo

Чек ара кызматы: "Кыргыз-Тажик чек ара аймагындагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу"

 

Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлөт. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 25-декабрда болжол менен саат 14:30 чамасында Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Сай жерлигинин тушундагы такталбаган аймакта Тажикстандын чек арачылары өздөрүнүн аймагындагы постко миномет орнотушкан. Кыргыз мамлекетинин Максат жана Дамба айылдарынын тушунда Тажикстандын аймагында кошумча тажик аскер кызматкерлеринин пайда болуусу байкалган.

Саат 19:40 чамасында Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун аймагындагы Көк-Таш айылынын Эки-Таш жерлигинде Тажикстандын жарандары Кыргыз жарандарынын болжол менен 4 автоунаасын таш бараңга алышкан. Жыйынтыгында автоунааларга зыян келтирилген, Кыргыз жарандары жабыркаган эмес.

Чыр-чатак орун алган жерге Кыргыз өлкөсүнүн Көк-Таш чек ара заставасынын башчысы келип эскертүү иретинде 3 жолу асманга ок аткандан кийин, Тажикстандын жарандары өздөрүнүн аймагына качып кирип кетишкен.

Чыр-чатак орун алгандан кийин дароо эле Кыргыз мамлекети менен Тажикстандын чек ара застава башчылары кырдаалды жөнгө салуу жана кошумча чек ара кезметтерин коюу максатында жолугушкан. Тажик тарап өз учурунда чыр-чатакка тиешеси бар адамдарды издөө жүргүзөөрүн билдирди.

Чыр-чатактын күчөп кетпөөсүн алдын алуу максатында жеринде Баткен чек ара отрядынын башчысы жана УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы иш алып барышууда.

Мамлекеттик чек аранын аталган аймагында жайгашкан чек арачылар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өтүштү.

УКМКнын Чек ара кызматы аталган аймактагы кырдаалга байкоо жүргүзүп, көзөмөлгө алып турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(13)
26.12.2021. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кудай сактасын азыр оттум тынч эле тынч болсун
26.12.2021. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кудай ай тынчылык болсун. Туну мн уктабай чыктым. Суукта жаш балдар мн каякада батабыз
26.12.2021. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эч эле тынчыбадыго булар. Аллахым жазасын берсин
26.12.2021. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
шишитолуптур тажиктердин
26.12.2021. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айжан анти бирбале дегендей баштайт азыр
26.12.2021. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
иш алып баруу да деген создон башка эч нерсе озгорбойт экенда
26.12.2021. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Байрактарды сыноодон откоруп аткылаш керек тазиктерди
26.12.2021. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Коркоктор, дайыма абал туруктуу, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, нота жөнөттүк, деп эле жүрөсүңөр. Аларга П, нак немецтер, каалагандай бастырып киришет, каалаганын кылат эч нерсе болбойт, и эч ким деле эч нерсе дебейт!!
26.12.2021. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Солдаттары даяр болгондо атайы елдерин жөнөтөт окшойт булар провокация кылгыла деп таш атып
26.12.2021. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Туура. Жазында да ошондой болгон. Чек арага тажиктер аскерлерин, техникаларын тартып, анан элин туртуп провокация кылып, андан ары Кыргызстандын жерине басып киришкен, аскерлери гражданский кийинип маскировка кылышып...

Ошондон кабары боло туруп Ташиев Германияга учуп кеткен, элди тажиктердин огуна тосуп берип.

Тажиктер менимче ошол сценарийди кайталагысы келип жатат бир болсо.

26.12.2021. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Байрактар деп эненер эгиз туугандай кубандынар эле, кокус апрелдеги окуя кайталанчу болсо, байрактар силерге жениш алып келээрине вряд ли ишеним бар.

Азербайджан каякта, Кыргызстан каякта. Кыргызстан итке минген жакыр олко болсо. 3-5 байрактар сатып алынса керек 20-30 снаряды менен болгону. Куралдануу учун ар дайым чон акча керек, олко бай болбосо да как минимум жакыр олко болбошу керек.
26.12.2021. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Согуш ачкыла биз барабыз эки дос баары бир эшектин тушоосунда чече албайт
26.12.2021. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баткендиктер молодец ызы чуу митинг кылгысы келбейт,канча деген машиналар элдерге таш тийди унчукпай турат,дагы канча адам канча машина таш жеш керек,бир жолун корсо болбойбу ошол эки таш деген жерди
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: