super.kg logo

Мамлекеттик катчы Орусиянын Илимдер академиясынын жамаатына Юлий Худяковдун каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

 

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Орусиянын Илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүн Археология жана этнография институтунун жамаатына Юлий Худяковдун каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Советтик жана орусиялык көрүнүктүү археолог жана курал таануучу, тарых илимдеринин доктору, Орусия Илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүн Археология жана этнография институтунун башкы илимий кызматкери, Новосибирск мамлекеттик университетинин профессору Юлий Худяковдун дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Юлий Худяков Сибирдин, Борбордук жана Ички Азиянын кең мейкиндиктеринин археологиясынын кыргыз таануу жана курал-жарак изилдөө аспектилерин жаңы деңгээлге көтөргөн жалпыга таанылган археолог жана тарыхчы болгон. Постсоветтик кыргыздардын окуу китептерин, окуу куралдарын, монографияларын анын этнологиялык концепцияларысыз элестетүү мүмкүн эмес.

Юлий Сергеевич Худяковдун этнологиялык корутундулары азыркы кыргыз тарыхнаамасында расмий түрдө таанылган. Анын фундаменталдык илимий жана илимий-популярдуу макалалары, эмгектери көп учурда кыргыз тилине которулат.

Анын сиңирген эмгеги бааланып, көптөгөн сыйлыктар жана наамдар менен сыйланган, анын ичинде: Кыргыз Республикасынын III даражадагы «Манас» жана «Данакер» ордендери, ага Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги, Кыргыз Илимдер академиясы, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жана Кыргыз Республикасынын Чыгыш тилдери жана маданияты институтунун ардактуу профессору, “Кыргыз тарыхы коому” эл аралык коомдук уюмунун ардактуу мүчөсү наамдары берилген.

Юлий Худяковдун жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат", - деп айтылат мамлекеттик катчынын телеграммасында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: