Президент ички дүң продукциянын көлөмүн быйыл 720 миллиард сомго чейин чыгара турганын айтты
"Ички дүң продукциянын номиналдык көлөмү 3 жыл катары менен 600 миллиард сомго жетпей келген, биз аны быйыл 720 миллиард сомго чейин чыгарабыз деп жатабыз", - деп президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин жыйналышында билдирди.
Мамлекет башчысы эске салгандай, былтыр ички дүң продукциянын өсүшү 8,6 пайызга төмөндөгөн же акыркы 14 жыл ичиндеги өтө төмөн көрсөткүч болгон.
"1994-жылдан бери биринчи жолу ушундай кескин төмөндөгөн көрсөткүч болду. Айтарым, ошол эле мезгилде, ушундай эле пандемиянын камалган шарттарында коңшу мамлекеттерде өсүш сакталган.
Бюджет боюнча айтсак, 5 жылдын ичинде эң көп чогулганы 148 миллиард сом болгон. Быйыл республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 11 айда 162 миллиард сомду түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу 41 пайызга же 47 миллиард сомго өстү.
2019-жылдын 11 айына салыштырмалуу 36 миллиард сомго көбөйдү.
Биз быйыл бюджеттик көрсөткүчтөрдө пандемия жок мезгилдеги көрсөткүчтөрдөн да бир топ жакшы жетишкендиктерине чыга алдык.
Биз жаңы салык ойлоп тапкан жокпуз. Биз башкарууну өзгөртүп, фискалдаштырууну күчөтүп — коррупцияны кыскартып, кошумча акча каражат таптык.
Ушул министрлер кабинетин дайындап жатканда консолидацияланган бюджетти 280 миллиард сомго жеткирүү боюнча элге убада кылганбыз.
Бул тапшырманы биз аткардык. 2021-жылды 306 миллиард сом менен жыйынтыктайбыз же 26 миллиард сомго көп болушу күтүлүп жатканын айтып коюшубуз керек.
2022-жылы консолидацияланган бюджеттин көрсөткүчтөрүн 400 миллиард сомго чейин жеткизүүгө толук пайдубал түзүлдү деп ойлойбуз", - деди Садыр Жапаров.




Анан дагы мен даканссаларга кирбейм, кыргыз жонокой жаранмын.
ИДП (ВВП) инфляциянын эсебинен осконун эмнеге Жапаров жашырып жатат?!
Внешняя финансовая устойчивость невысокая из-за большого внешнего долга, сопровождающегося низким запасом золотовалютных резервов. Внутренняя устойчивость также не высока из-за большого долга.
Тышкы карызыбыз ого эле коп. Бир Кытайга эле болгон карызыбыз ИДПнын (ВВП) 30%тин тузот.
Олко экономикабыз мигранттардын акчаларына да коз каранды. Экономикабызда айланган акчалардын маанилуу болугу мигранттар Кыргызстанга жонотуп турган акчалар тузот. Олкодо жарытылуу завод-фабрика жок.
Эми элестетип коргуло. Олкодо алтын-кумуш казуу токтосо, Россия, Казахстан биздин мигранттарды киргизбей койсо, анда кайра эле 90-жж. экономикабызга кайтабыз, олкодо жумушсуздук, инфляция, жакырчылык 90-жж. алып барат.