super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Карапайым адамдын үйүнө мылтык менен кирген адамды кантип таппайт?" дейт базар-коргондук тургун

 

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Катар-Жаңгак айылынын тургуну кайрылды.

Окурмандын айтымында, белгисиз адамдар анын короосундагы итин атып кетишкен.

"Базар Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн Катар-Жаңгак айылында турабыз.

Үйүмө мыйзамсыз түн жарымда кирип, балдарымды коркот дебей каракчылык кылып итимди атышыптыр. Участкалык милицияга бергенбиз, жыйынтык жок.

Мындан он күн мурун дагы мылтыкчан адам жүрөт деп коркушуп участкалык милицияга чалышкан. Бир жолу дагы барып сураган эмес", - деди окурман.

Мындан тышкары окурман учурда Москва шаарында мигрант болуп жүргөнүн айтып, үй-бүлөсү үчүн тынсызданып жатканын кошчумчалады.

"Кудай сактасын, ок келинчегиме тийип калса эмне болмок?

Байлардын тоогун уурдаса бир күндө табышат да, карапайым адамдын үйүнө мыйзамсыз мылтык менен түн жарымда кирген адамды кантип таппайт?" - деди тургун.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
27.12.2021. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура айтат бай или чиновник болгондо дароо тапмак тапсын Эми ал зокурду
27.12.2021. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Учасковый жаны жылдык балатыга кетип калса керекко кыязы.ушул кезде башы ооруп эмне кылаарын билбей жатса керек, баш жазалбай.аттин!
03.01.2022. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироонун уйуно мылтык которуп кирип иттин аткан кандай шумдук!!! Таап оз башымча болгон айбанды жазаласын!!! Мылтыктын уруксаты барбы болбосо алып коюшсун. Уруксаты болгон тагдырда дагы мынтип айыл аралап которуп ит аткан уже уголовное дело!!! Эми кечиресиздер экинчи тарабы, айланайын ит баккандар иттинерге тамак жасап бергиле бакылачы особенно айылдагылар. Кошунанын тоогуна кирсе ошентетда анан айласы кеткенде тундо келип атат. Бул бир тарабы может айткандыр иттини байла же тойгуз деп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: