Жалал-Абадда 500дөй баланын катышуусунда мэрдин балатысы өттү. Иш-чарага 465 миң сом бөлүнгөн










Бүгүн, 27-декабрда Жалал-Абад шаарындагы “Барпы” атындагы театрда Жалал-Абад шаарынын мэринин жаңы жылдык балаты майрамы өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматта айтылгандай, иш-чарага калаа башчысы Эрнисбек Ормоков жана шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев катышты.
Мэрдин балаты майрамында мүмкүнчүлүгү чектелген, аз камсыз болгон, камкорчуларынан ажыраган жана окууда ийгилик жараткан 500дөй балага белектер тапшырылды.
Белгилей кетсек, мэрдин жаңы жылдык балаты майрамына жергиликтүү бюджеттен 465 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:06
2025-07-22
21:42
2025-07-22

21:03
2025-07-22

20:18
2025-07-22

19:39
2025-07-22

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Antiradikal10

27.12.2021. 21:49
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коррупция!!! Акча уурдоо болуптур да. Ар бир балага 900 сомдук белек бермек беле? Акчанын кеминде жарымын оздору синирип алышкан да........
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.