super.kg logo

Бишкек мэриясы майрамдык кечелердин ордуна кайрымдуулук иштерди жасады

 

Бишкек шаарынын мэриясы Жаңы жылдык корпоративдин ордуна кайрымдуулук кылуу чечимин кабыл алып, аны ишке ашырууда. Бул тууралуу шаар бийлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, майрамдык кечеге коротула турган каражаттарга төмөнкүдөй иштер аткарылган.

Капиталдык курулуш башкармалыгы «Коломто» муниципалдык мекемесине белек кылды. Администрациянын өтүнүчү боюнча тазалоо жана гигиеналык каражаттар, төшөнчүлөр үчүн кездемелер сатып алынды.

Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы «Элистан» балалык борборуна китеп сатып алуу үчүн 10 миң сомдук сертификат тапшырды.

Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы балдардын социалдык адаптациялоо борборуна килем жана телевизор белек кылды.

“Бишкек суу канал” башкармалыгы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шаардык көп тармактуу медициналык-социалдык реабилитациялык борборуна белектерди тапшырды. Борборго кир жуугуч жана чаң соргучтар берилип, балдарга жаңы жылдык таттуу белектер таратылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.12.2021. 07:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым ыраазы болсун. Ысыраптуулук акырындык менен кыскарып жатыптыр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: