super.kg logo

Ошто наркология борбору менен психикалык ден соолук борбору бирикти

 

Ош облусундагы наркология борбору менен Ош облустук психикалык ден соолук борбору бирикти. Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинен бүгүн, 27-декабрда кабарлашты.

Белгилүү болгондой, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ош облусуна иш сапары менен барды. Анда министр жогоруда аталган медициналык жайлар Ош облустук психиатрия жана наркология борбору болуп бириктирилгенин айтты.

"Ош облустар аралык наркология борбору менен Ош облустук психикалык ден соолук борборунун биригиши кызматкерлер үчүн терс кесепеттерге алып келбейт. Бардык дарыгерлер, медайымдар жана тартип сакчылары ишин уланта беришет. Албетте, бир аз кыскартуу административдик башкаруучу кадрларга таасирин тийгизет, бирок аларга компенсация төлөнөт", - деди министр.

Ошондой эле жыйында жаңы түзүлгөн борбордогу орундардын кыскарбай турганы айтылды. Психиатриялык оорулуулар үчүн 170, баңгилер үчүн 50 орун сакталат.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргыз өлкөсүндөгү эксперттери 2030-жылга чейин саламаттыкты сактоону өнүктүрүү стратегиясында бул кызматтарды бириктирүүнү сунушташат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
27.12.2021. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошондо наркология психология жакка көчүрүп ээ
27.12.2021. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баңги дегени кызыкко бул жагы.
28.12.2021. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Э ушуну жакшы кылды,документ туурласан бири шаардын башында бири шаардын чёт не.
28.12.2021. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
CHingiz90,эн туура айтын молодец.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: