super.kg logo

Кыргыз сүрөтчүлөрү: "Парижде сүрөттөрдү көрүүгө күндө эл келип жатты"

 

SUPER.KG порталы Франциянын борбору Парижде сүрөт көргөзмөсүн өткөрүп келген кыргыз сүрөтчүлөрү Айып Алакунов жана Кыял Аккүчүкова менен маектешти.

Каармандарыбыз кантип Парижге барып калгандыгы, уюштуруучулардын бири режиссёр Айбек Дайырбеков экендиги жана дагы сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышындагы кызыктарды, ошондой эле алдыда кыла турчу иштер туурасында маек курушту.

"Биз Парижде дээрлик 10 күндөй болдук. Ал жактагы көргөзмө башкача өтөт экен. Адамдарды бөлүп чакырышат. Себеби сүрөт көргөзмөгө келгендер ар бир сүрөттү көрүп суроолорун узатышат экен. Биз Парижге барып калышыбызга уюштуруучу Айбек Дайырбековдун дагы салымы бар дейт", - дешти сүрөтчүлөр.

"Азыркы кичинекей балдарыбыз интернеттен ар кайсы өлкөнүн мультфильмдерин көрүп, жадакалса тилдери дагы башка тилде чыгып жатат.

Учурда 2D, 3D форматында анимациялык мультфильм тартылып жатат. Буюрса, Жаңы жылдан кийин кыргызча, атайын бөбөктөргө ылайыктуу мультфильмдин алгачкы берүүлөрү чыгып калат. Биздин эң чоң максатыбыз - Луврга Кыргыз сүрөтчүлөр көргөзмөсүн ачуу", - дейт Айбек Дайырбеков.

Маекти толугу менен видеодон көрүңүз.






Парижден алган таасирлер. Кыргыз сүрөтчүлөрү Франциядагы сүрөт көргөзмөгө катышты

Автор: Канимет Данияров
Оператор: МухаммадЗиямидин Турдубек уулу, Канимет Данияров
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: