Интернет жылдызы Нурайым Акылбекова: "Сыймык Бейшекеев менен дуэт аткаргым келет"
Эл ичи өнөр кенчи демекчи, калктын калың катмарында таланттуу жаштарыбыз арбын. Азыркы учурда интернеттин жардамында көпчүлүккө таанылууга мүмкүнчүлүк бар. Бүгүнкү биздин каарманыбыз Нурайым Акылбекова дагы алыскы Аксы жергесинде жашап, кыргыз элинин, коңшу казак калкынын дагы сүймөнчүлүгүнө арзып турган чагы.
Интернет жылдызы Нурайым Акылбекова Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кызыл-Жар айылында 2005-жылы туулган. Үй-бүлөдө эки бир туугандын кенжеси. №34 Н.И.Мешков атындагы орто мектебинде окуйт.
Чыгармачыл үй-бүлө
Эки бир туугандын кенжесимин. Үй-бүлөбүз чыгармачыл адамдар. Атам жана агам гитара чертет, ырдашат.
Комуз жана гитараны чертем. Кошумча ямаха жана домбраны кичине билем. 5-класста окуп жүргөндө комузга катышкам. Ал жактан чыккандан кийин өзүм өздөштүрүп кеткем. Гитараны деле кызыгып жүрүп үйрөнүп алгам.
Казакстанга сапар
Жакында эле Казакстандын КТК деген каналындагы "Астарлы акикат" берүүсүнө катышып келдим. Алар мага Инстаграмдан жазып чакырышты. Биринчи жолу барып чек арадан өтө алган жокмун. Экинчи жолу коңшу өлкөгө эс алганы барганда берүүгө катышууга мүмкүнчүлүк болду.
Алдыга койгон пландар
Келечекке койгон пландарым көп. Кайсы кесипти тандоо туура экендигин ойлонуп жатам. Бирок чечим чыгара элекмин. Консерваторияга тапшырууну ойлоп жатам. Кайсы кесипти аркаласам дагы эл алдында, теледе чыгып турууну каалайм.
Кыялдар...
Менин бирден бир кыялдарымдын бири Сыймык Бейшекеев менен дуэт аткаргым келчү. Жакында 3-4-январда концертте Сыймык Бейшекеев менен дуэт аткарам. Башка ырчылардын баары эле жагат. Кайсы ырчы болсо деле дуэт аткарганга макулмун.
Ыр тандоодо
Жай темптеги кайгылуу ырлар жагат.
Тойлорго чакыруулар көп
Тойлорго чакыруулар көп эле болот. Бирок көпчүлүк чакырылган жерлерге барбайм. Анткени жашмын, жанымда бирөө болушу керек. Ырдаган ырларымды Инстаграмга чыгарып коём.
Нурайым Акылбекова комуз менен ырдаганы

Ю.убдан кобунчо сенин ырларынды угам, Гулжигит аке сыяктуу элдик ырчы болуп журо бер!!!