super.kg logo

Депутат Наталья Никитенко Салык кодексин кайра карап чыгууга чакырды

 

Салык кодексин жаңы талкууга кайтарып, ишкерлер менен жолугушууларды өткөрүп, салык кызматы түрүндөгү жаңы "желмогузду" түзбөш керек. Бул тууралуу депутат Наталья Никитенко социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Чийки жана өтө талаштуу Салык кодексинин шашылыш кабыл алынышы коомчулукта катуу резонанс жаратты. Мен сыяктуу дагы 3 кесиптешим, Жанар Акаев, Евгения Строкова, Айсулуу Мамашева каршы добуш бергенбиз.

Бийликтегилердин бюджетте ашыкча акча бар деп ар кандай билдирүүлөрүнө карабай казынада акча жок. Быйыл бюджет тартыш болуп жатат. Убада кылынган 280 миллиард сом, жадакалса жабыла элек. Кумтөр боюнча кырдаал барган сайын түшүнүксүз болуп баратат.

Алтын эч жерде сатылбай эле, кен эки эсе көп казылган, бирок эки эсе аз алтын табылды, салыктар да аз төлөнгөн (алтын сатылбаса эмнеге төлөнгөнү белгисиз). Мындай шартта казынаны кантип толтурууга болот?

Буга чейин бюджеттин кемчиликтери чет элдик жардам, грант, насыя жана мигранттардын акча которууларынын эсебинен жабылып келген. Бирок бул бийликке ишеним жок. COVID-19 менен күрөшүүгө бөлүнгөн 424 миллион доллар бюджетти колдоого жумшалган, ошондуктан тышкы жардам таптакыр токтошу мүмкүн, эч ким насыя, грант да бербейт, ал эми мигранттарда абал жакшы эмес.

Эмне кылыш керек? Эң жөнөкөй жана эң келесоо ыкма - өз жарандарыңдын 7 терисин сыйрып алуу. Ал эми бул өлкөдөгү эптеп жашап жаткан чакан жана орто бизнести жок кылары бийликти да ойлондурбайт. Эң негизгиси, президентке тапшырма аткарылды деп отчёт берип, ага кошумча 2,8 миллиард сом жакыр өлкөдө атайын чыгымдарга бөлүнсүн. Мен бийликти токтоого, Салык кодексин жаңы талкууга кайтарып, ишкерлер менен жолугушууларды өткөрүүнү, салык кызматы түрүндөгү жаңы "желмогузду" түзбөөгө чакырам", - деп жазган Никитенко.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: