super.kg logo

Бишкектин эки районундагы акимге сөгүш берилди. Себеби

 

Бишкек шаардык мэриясында район акимдеринин жоопкерчилиги каралды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбор калаадагы 4 райондун ичинен коронавируска каршы эмдөө алгандардын саны эки райондо төмөн көрсөткүчтө. Анда:

* Октябрь районунун аймагында вакцинанын биринчи дозасы менен 29 миң 47 адам же 24 пайыз, экинчи дозасы менен 23 миң 760 же 17 пайыз эмдөөдөн өткөн (вакцина алчу 121 миң 101 адам).

* Свердлов районунун аймагында вакцинанын биринчи дозасы менен 29 миң 719 же 27,6 пайы, экинчи дозасы менен 25 миң 484 же 23,7 пайыз эмдөө алган (вакцина алчу 107 миң 587 адам).

Бул багыттагы иштерди күчөтүү боюнча райондун акимдерине бир нече жолу тиешелүү тапшырмалар берилген. Жыйынтыгында эки акимге сөгүш берилди. Ал эми шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчисине эскертүү берилди.

Белгилей кетсек, азыркы учурда Бишкектин Октябрь районунун акими Мирлан Эшкожоев. Ал эми Свердлов районунун акими Бахтияр Карамшаков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: