"Манас" аэропортунда коюу туманга байланыштуу аба каттамдар кармалууда. Учактар башка аэропортторго жөнөтүлүп жатат

Маалыматка ылайык, Алматыдагы кошумча аэродромго Дубайдан "Flydubai", Кувейттен "Jazeera", Шарджадан "Air Arabia" компанияларынын учактары конду.
Ал эми Москвадан "Avia Traffic" жана Делиден "Aero Nomad Airlines" учактары Оштогу кошумча аэродромго конгон. Андан сырткары, Маскаттан "Salam Air" учагы Ташкенттеги кошумча аэродромго барып конгону маалым болду.
Ички каттамдар дагы кармалып жатканы айтылды.
Аба каттамдары боюнча маалыматты "Манас" жана "Ош" эл аралык аэропортторунан төмөнкү номерлер аркылуу тактап алсаңыздар болот:
"Манас" - 0 312 693109;
"Ош" - 0 3222 90101.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
3:33
2025-07-23
2:45
2025-07-23

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.