super.kg logo

Ош шаарынын Чолпонбай Түлөбердиев атындагы мектептин курулушу аяктап пайдаланууга берилди

 

Бүгүн, 29-декабрда Ош шаарынын Орке айылындагы Чолпонбай Түлөбердиев атындагы мектептин курулушу аяктап пайдаланууга берилди. Иш-чарага мэр Алмаз Мамбетов, Сауд Арабиянын Кыргыз өлкөсүндөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ибрахим бин Ради бин Абдурахман Аль-Ради катышты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Мектеп 375 орунга ылайыкташтырылып, бардык шарттар түзүлгөн. Спорт зал, жыйындар залы, китепкана, ашкана, дарылоо кабинети, жуунуучу жайлар каралган.

2020-жылы башталган курулуш ишин Сауд өнүктүрүү фонду каржылады. Ага ылайык жаңы мектепти куруп берген тарапка шаар башчы Алмаз Мамбетов ыраазычылык баракчасын тапшырды.

Ош шаарында жалпы 55 муниципалдык мектеп бар. Анын ичинен 5 мектептин имараты авариялык абалда. 2021-жылы 2 мектеп жаңы курулуп, пайдаланууга берилди.

Дагы 4 мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: