UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко маданият министрлигине барды








UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко бүгүн, 29-декабрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине келди. Алгач мушкер айымды министр Азамат Жаманкулов тосуп алды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Министр Валентина Шевченкого өлкөгө келиши менен куттуктап, Кыргыз өлкөсүнүн мекенчил кызы катары эл сыймыктана тургандыгына токтолуп, жалпы кыргызстандыктар Валентина Шевченконун ар бир таймашын чыдамсыздык менен күтүп, аны бир дем менен көрүп жаткан мекендештери бар экенин кошумчалады.
Ал эми Валентина Шевченко өз кезегинде министр Азамат Жаманкуловго жана жалпы министрликтин курамында эмгектенген кызматкерлерге мындай жылуу маанай менен тосуп алганына ыраазычылык билдирген.
Жолугушуунун алкагында Валентина Шевченкого арналып тигилген чапанды “Кийиз дүйнө” коомдук фондусунун, салттуу билимдерди аркалап жүргөн саймачы Толсун Көкөева кийгизип, "Спорттун отличниги" төш белгиси тапшырылды. Министр менен жолугушууга Валентинанын апасы Елена Шевченко жана машыктыруучусу Павел Федотов да катышты.

