super.kg logo

Таласта интернаттын тарбиялануучулары милиция кызматкерлеринен белектерди алышты

 

Таласта интернаттын тарбиялануучуларына милиция кызматкерлери жаңы жылдык белектерди тапшырышты. Облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, белектерден тышкары азык-түлүк дагы берилди.

Башкармалыктын жетекчиси Марлис Асанов, орун басары Шүкүрбек Кушбеков жана жашы жете электер менен иштөөчү инспекторлор менен Кумарык айылындагы мектеп интернатка барышты. Облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан окуучуларга Жаңы жыл майрамдарына карата оюнчук, азык-түлүк, таттуулар жана суусундуктардан турган белектерди тапшырышты.

"Балдар биздин келечегибиз, андыктан биз аларга жакшы шарттарды түзүп берип, шыктандырып турушубуз керек. Келе жаткан жыл элибизге жакшылык алып келип, балдарыбыздын ден соолуктары бекем болсун", - деди Марлис Асанов.

Интернаттын окуучулары белектерди кубануу менен алышып, милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдиришти. Андан тышкары Талас ОИИБинин жетекчилиги окуучулардын шарттары менен жакындан таанышып, муктаждыктары тууралуу маалымат алып кайтышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: