super.kg logo

Соттолгондордун балдары үчүн Жазаларды аткаруу комитети майрам уюштурду

 

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы соттолгондордун балдары үчүн биринчи жолу Жаңы жылдык кече уюштурду. Бул тууралуу аталган кызматтан маалымдашат.

"Балдардын майрамы оюн-зоок жана сынактар ​​менен өтүп, белектер тапшырылды. Соттолгондордун балдары, жашы жете элек, энесинин жана атасынын камкордугусуз калган балдар радикалдык таасирге дуушар болушат, оор физикалык жумуштарга тартылышат, четте калышат. Алар стигматизацияга жана дискриминацияга дуушар болгон калктын аярлуу катмарынын бирин түзөт. Балдар тийиштүү билимге, медициналык жана социалдык кызматтарга ээ эмес. Алар мамлекеттин жана жарандык коомдун жардамына муктаж.

Буга байланыштуу ЖАМКнын ардагерлер кеңеши, "Ынтымак береке" жана "Атадан балдарга" коомдук фонддору тарабынан уюштурулган майрамдык иш-чара соттолгондорго балдары аркылуу таалим-тарбия берүү максатында өткөрүлдү", - дешет басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: