super.kg logo

Криминалисттик милиция 2021-жылы жансыз денеси табылгандардын ичинен 200дөн ашуун адамдын аты-жөнүн тактады

 
Ички иштер министрлигинин криминалисттик кызматынын кызматкерлери 2021-жылдын 11 айында 22 миң 406 текшерүүгө чыгып, 5 миңге жакын экспертиза жүргүздү. Бул туурасында аталган министрликтин статистикалык маалыматында айтылат.
"Криминалисттер тарабынан 4 миң 622 соттук экспертиза жүргүзүлүп, анын ичинен: бармак изин алуу 2 миң 229, трасологиялык 96, баллистикалык 850, кол жазма 273, курал-жарактар 338 жана 165 документке техникалык экспертиза өткөрүлгөн. Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун изилдөө 577, жарылуучу заттар боюнча 577, ошондой эле 912 криминалисттик изилдөө жасалган.
Ачыла элек кылмыштардын бармак издеринин маалымат банкы 5 миң 48 объект менен толукталды, бул өз кезегинде кылмыш болгон жерде изин калтырган 337 кылмышкерди аныктоого мүмкүндүк берди. Ошондой эле "Сонда" АДИСтин жардамы менен 212 факты боюнча каза болгон жарандардын аты-жөнү аныкталган", - деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: