super.kg logo

Министр Улан Ниязбеков Ички иштер министрлигинин өздүк курамын куттуктады

 

Ички иштер министрлигинин өздүк курамын министр Улан Ниязбеков куттуктады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Урматтуу кесиптештер! Урматтуу Ардагерлер! Сиздерди кирип келе жаткан Жаңы 2022-жылыңыздар менен Ички иштер министрлигинин коллегиясынын, жалпы өздүк курамынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктоого уруксат этиңиздер! Ар бир жыл өзгөчө болот. Ал эми кетип жаткан 2021-жыл баарынан өзгөчө болду. Өлкөбүздү, ар бирибизди өзгөрткөн бурулуш жыл болду. Эми аруу тилек, бийик үмүт, бийик максаттар менен 2022-жылдын босогосун аттаганы турабыз.

Өтүп жаткан жыл баарыбыз үчүн окуяларга бай жана жемиштүү болду. Ал биздин замандаштарыбыздын акылкөй экендигине баа берди жана колдоду. Жаңы жыл - бул керемет жана өзгөчө баалуу майрам, ар бирибиз жакшылыкка жана жаркын келечекке үмүт кылып, бардык асыл тилектердин ишке ашуусуна тилектеш боло турган майрам!

Тынчтыкты туу туткан биздин тагдырыбыз, максатыбыз, тилегибиз бир, өлкөбүздүн ар бир жаранына күйүмдүү болуп, ар бири үчүн зор күч болуп келе жаткан Ички иштер министрлигинин кызматкерлерин келе жаткан жаңы жылда ийгиликтер жана жетишкендиктер гана коштоп, кубаныч алып келсин, эң татаал маселелер чечилип, коомдук тартип жогорку деңгээлде камсыз кылынып, жакшы үмүттөрүбүз жана кыялдарыбыз орундалсын", - деп айтылат куттуктоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: