Өткөн жылга салыштырмалуу 2 миллион метр кубга аз. Жылдын соңку күнүндө Токтогул суу сактагычындагы суу канча метр кубду түздү?
31-декабрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 153 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
"31-декабрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 153 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 171 метр куб, агып чыгышы 490 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.
Былтыр, 2020-жылдын 31-декабрында Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 миллиард 301 миллион метр кубду түзгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
3:33
2025-07-23
2:45
2025-07-23

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.