super.kg logo

ИИМ диний экстремизмди алдын алуу жаатында иш-чара өткөрдү

 

Диний экстремизмди алдын алуу жаатында алгылыктуу иштер аткарылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын демилгеси менен республика боюнча 2021-жылдын 12 айында диний эктремизмди алдын алуу боюнча коомчулук арасында жалпы 4500 ашуун иш-чара өткөрүлүп, түшүндүрүү агартуу иштери жүргүзүлгөн. Бул иш-чараларда катышуучуларга ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан диний экстремизмди алдын алуу максатында даярдалган 9000ге жакын усулдук буклеттер, эстеткичтер таратылган.

Билим берүү мекемелеринде дагы жогорудагыдай иш-чаралар өттү. Бишкек шаарында жайгашкан ИИМдин Республикалык окуу борборунун ѳздүк курамына жана 43-44-45-окуу взводдорунун талапкерлерине, ошондой эле “Ала-Тоо” Эл аралык университетинин студенттерине жана мугалимдерине экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын ишке ашыруу, диний экстремизмди алдын алуу максатында «Кылмыштуулукту алдын алууда социалдык жоопкерчилик», «Кибер коркунучтар жана аларды алдын алуунун жолдору» аталышындагы атайын даярдалган слайддарды, видеороликтерди көрсөтүү менен маалыматтарды беришти. Иш-чарага жалпысынан 400гө жакын катышуучу катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө берилген суроолордун басымдуу бөлүгү диний экстремизм жөнүндө болуп, берилген суроолор боюнча катышуучулар так жана толук жооп ала алуусуна өбөлгө түзүлдү.
Лекция өткөрүүдө катышуучуларга ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан даярдалган диний экстремизмди алдын алуу боюнча 400гө жакын усулдук буклеттер, эстеткичтер таратылды. Катышуучулардын санитардык-эпидемиялогиялык эрежелерди сактоо максатында бет каптар, коргонуучу каражаттар таратылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: