Centerra менен тынчтык келишимин талкуулоо жыйынтыкталып калды". Садыр Жапаров Кумтөр кенине барды




Бүгүн, 2-январда президент Садыр Жапаров "Кумтөр" алтын кенине барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы ишкананын, оор тоо-кен техникаларын чыгаруучу цехтин учурдагы ишмердүүлүгү менен таанышып, Петров көлүн жана калдык сактоочу жайды да көрдү.
Кенге болгон сапардын жүрүшүндө канадалык Centerra Gold компаниясы менен сүйлөшүү процессинде жакшы жылыштар бар экендиги, учурда тараптар башка нерселер менен катар “Кумтөр Голд Компани” (КГК) компаниясын толугу менен Кыргыз өлкөсүнө өткөрүп берүүнү камтыган тынчтык келишимин талкуулоону жыйынтыктап жатканы белгиленди. "Кумтөр” өлкөнүн тарыхынын жаңы барагы жана жаңы муун үчүн өнүгүүнүн үлгүсү болот! Өткөн жыл биздин адистер мындай ири жана татаал ишкананы натыйжалуу башкарып, жогорку өндүрүштүк көрсөткүчтөргө жетише аларын көрсөттү", - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Эсинердеби, Акылбек Жапаров Кумтор кени Кыргызстанга биротоло отту, Центерра Голд Кумтор кенинен баш тартты, 926 миллион доллар Кыргызстанга толоп берди деп чыккан. Бирок эртеси эле Центерра Голд компаниясы Акылбек Жапаровдун билдирууму чындыкка дал келбесин, калп экенин билдирген. Бирок Центерра Голддун кайрылуусунан кийин да Садыр Жапаров Кумтор Кыргызстанга отту деп чыккан.
Эмне дейбиз, Садыр Жапаровдун каалоосу жана буйругу менен Окмотту же Министрлер Кабинетин Акылбек Жапаров деген АФЕРИСТ жетектеп турат... Буга не дейсинер?
Ал эми Садыр Жапаров президент башы менен улам улам калп айтып калпы чыгып жатканы нормалдуу корунушпу?!
Кыргыз Окмотунун колундагы Центерра Голддун жалпы акцияларынын бугунку наркы 600 миллион долларга жакын.
Эми эгер Центерра Голд компаниясы Кумтор кенинен баш тартса, Кыргызстандын утушу жана уткарганы эмнелер?
Азыр Кыргызстан коп болсо колундагы Центерра Голддун акцияларын сатып 500-600 миллион доллар табышы мумкун. Плюс Кумтор Кыргызстанга отушу мумкун.
25 жылда Центерра Голд компаниясы 500 тоннадан ашуун таза алтын казып алган. Анын 70-80%ти Центерра Голд компаниясына кетип турган. 25 жыл ичинде бир эле Кумтор кенинен ондогон миллиард доллар киреше тапкан Центерра Голд компаниясы Кыргызстанга 4 миллиард доллар да толоп бербей кутулуп кетеби?!
Бугунку кундо Кумтордогу жуздогон миллион тонна уулуу калдыктар, талкаланган монгулор тууралуу эмнегедир соз жок. Кыргыз Окмотунун Центерра Голд комппниясына койгон 4 миллиард долларлык доосунан да кабар жок, тымтырс.
Мына ушулар боюнча оюнар кандай?!
Анан да мен эч бир саясатчыны колдобойм да, камчысын да чаппайм. Мадумаровчу, атамбаевчи, жээнбековчу, акаевчи, бакиевчи, батышчыл, чыгышчыл деп куру доомат артуудан алыс болгула, озунорду шерменде кылбай... )))