super.kg logo

Бишкекте белгилүү тамада, аткаруучу Айтбек Муканбетовдун жаркын элесине арналган бильярддык мелдеш өтүп жатат

 
Мелдешти уюштуруп жаткан "Тамадалар борбору" бул мелдештин мындан ары жыл сайын салттуу түрдө уюштуруу максаты бар экенин билдирет.
Айтбек Муканбетов 1954-жылы Нарын районунун Эмгекчил айылында төрөлгөн. 2013-жылы оорудан улам каза тапкан.
Аксакалдар мелдештеги атаандаштарды өз ара аныктап жатышат.
Мелдешке келгендердин арасында белгилүү ырчы Турдалы Аскаров да болду.
"Биз Айтбек менен жаш кезибизде табышканбыз. Ошону менен өмүрүнүн аягына чейин байланышты үзгөн жокпуз. Элдик ырларды андан мыкты аткарган киши жок эле",-дейт анын жакын санаалашы Күмөндөр Абылов.

Бишкектеги бильярддык клубдардын биринде куудул, тамада, аткаруучу, обончу, пародист Айтбек Муканбетовдун жаркын элесине арналган бильярддык мелдеш өтүп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына уюштуруу тобунун мүчөлөрү билдиришти. 

 Маалыматка ылайык, мелдеш Айтбек мырзанын жакын достору, туугандары жана “Тамадалар борборунун” демилгеси менен уюшулуп жатат.

 Мелдешке 60тан ашык киши катышат жана ал жаштар арасында, аксакалдар арасында жана орто курактагылар арасында өтөт. Мелдешке 25 жаштан 80 жашка чейинки тамадалар, Айтбек мырзанын жакын достору жана жалпы эле өнөр адамдары катышат.

Эске салсак, белгилүү аткаруучу, обончу, пародист, тамада Айтбек Муканбетов 2013-жылдын октябрь айында 59 жаш курагында көз жумган. Өзү акыркы 25 жылда бильярд оюнуна кызыгып, үзбөй ойноп келген. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.11.2013. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айтбек деп атын деле билчу эмесмин , болгону ал адамды сырттан таанучу эле. Бул жагымсыз кабарды эми угуп жата. Кече эле тойлордо эфирде жургонун кордум эле((
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: