super.kg logo

Ош шаарында маршруттук таксилердин айрым айдоочуларына 3 миң сомдон айып пул салынды

 
Ош шаарында жол эрежесин бузган маршруттук таксилердин айдоочуларына 3 миң сомдон айып пул салынды. Бул туурасында Ош шаардык Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашат.
Белгилүү болгондой, Ош шаарындагы автобекеттерде маршруттук таксилердин техникалык абалдары текшерилип, шаар аймагынан сырткары чыккан учурда унаанын техникалык абалын көзөмөлдөн өткөрүп, орундуктан ашыкча жүргүнчү албоо жана жүргүнчүлөрдү тейлөөдө жол эрежелерин так сактоо боюнча атайын эскертүү баракчалары таркатылып, айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аны менен бирге эле Ош-Бишкек каттамындагы такси айдоочуларына ылдамдыкты ашырбай айдоо зарылдыгы эскертилди.
"Бул иш-чаранын жүрүшүндө техникалык кароодон өтпөгөн 3 маршруттук таксинин айдоочусуна Укук бузуулар Кодексинин 182-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде 3000 сомдон айып пул салынды. Мындай иш-чаралар улантылат", - дешет мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: