Тимур Файзиев экологиялык "Асман" шаарын курууну жетектейт
2022-жылдын жаз мезгилинде Ысык-Көл облусуна экологиялык "Асман" шаары курулары кабарланган. Аталган шаарды куруу долбоорун буга чейин коррупцияга шектелген "Элит Хаус" курулуш компаниясынын ээси Тимур Файзиев жетектейт. Ишкер бул туурасында социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Тимур Файзиевдин айтымында, долбоор боюнча шаар жарым миллион адамга эсептелген. Келечекте 1 миллионго чейин өсүүсү күтүлүүдө. Долбоорго бир нече инвесторлор кошулуп, алар менен иш башталган. Элит Хаустун ээси "Асман" шаарынын курулушун ишке ашыруу үчүн кеминде 10 миллиард доллар талап кылынарын кошумчалады.
Белгилей кетсек, Тимур Файзиев коррупцияга, Бишкек шаарында жер тилкелерин алууга жана мыйзамсыз курулуштарга катыштыгы бар деп шектелген. 2021-жылы 27-майда Биринчи Май райондук соту Тимур Файзиевге карата сырттан камакка алуу чечимин чыгарган.Андан кийин Аскер прокуратурасы Тимур Файзиевге издөө жарыялаган. Кийинчерээк, ишкер өлкөдөн сыртка чыгып кайра кайтып келгени кабарланган. Андан соң Башкы прокуратура Тимур Файзиевдин баш коргоо чарасын өзгөрткөн.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:35
2025-07-23
Рейтинг:
1

Казынада артыкбаш 10 миллиард доллар болгон болсо
Биринчи Кыргызстандын тышкы карызын, айрыкча Кытайга болгон карызды кайтаруу керек.
Экинчи олкого ГЭСтерди куруу керек.
Учунчу чек араны тактап зым тартуу керек.
Мына ошондо да ашып калса, оорукана, бала-бакча, мектептерди куруу керек......
Мына ушулардан акча ашса гана популисттик кыялдарга берилсе болот "колхоз" Жапаров
Жапаров менен Ташиев коррупция менен курошуп жатабыз деп кокурок какканы менен, тоок, кой-мал, жылкы, телефон уурдаган камалып жатат, миллиондогон пара алган, пара бергендер алгач дароо уй камагына которулуп, арадан 1-3 ай отуп акталып кетип жатат. Бул эмне деген маскарачылык?!
Элге тоодой убада берип бирок баарын тескери жасаган Жапаров менен Ташиевке мин наалат болсун!!!!!!!!!
Эмнеге телефон, кой, тоок уурдагандар камалып, миллион-миллиарддарды уурдаган Раим миллион, Жээнбеков, Файзиевдер акталышы керек?!
Фантазиян укмуш го. Туура, орусмун. Бирок Америкада жашайм... )))
Алар тобокелге барып акчасын салып жатышат. Кыргызстан андан эч нерсе жоготпойот, пайда гана корот. Дубай кандай онугуп кетти, Кытай жарды олко эле, инвесторлор которду экономикасын. Билимсиз кытайдын колунан эмне келмек эле?
Файзиевдин бизнесин талашып куноо коюшкан, ал ишкер адам. Тоок сойсо да устасы сойсун.