Канадалык ишкана "Кумтөр" Кыргыз өлкөсүнө кандай шарттарда толук бериле турганын жарыялады
Канадалык Centerra Gold компаниясы "Кумтөр" кени боюнча талаш-тартыштарды чечүү боюнча Кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүлөр болгонун ырастады. Ошондой эле расмий билдирүү жарыялап, бир катар шарттарды койду.
Канадалык компания төмөнкү шарттардын аткарылышын күтөт:
* Centerra Gold "Кыргызалтын" ишканасынын канадалык компаниядагы акциясынын болжол менен 26,1 пайызын алат. Андан кийин "Кыргызалтын" тарабынан берилген акцияларды жокко чыгарат;
* Кыргыз мамлекети канадалык компаниянын эки туунду ишканасы жана "Кумтөр" кени боюнча жоопкерчиликти толук өзүнө алат;
* Centerra Gold "Кыргызалтын" ишканасы 2021-жылы албаган үч дивиденддин таза суммасына барабар акчаны Кыргыз мамлекетине төлөп берет. Ошондой эле канадалык компания жана анын эки туунду ишканасынын ортосундагы балансты жөнгө салууга байланыштуу айрым башка финансылык компенсацияларды Кыргыз өлкөсүнө төлөйт;
* "Кыргызалтын" ишканасынан эки талапкер Centerra Gold`дун директорлор кеңешинин курамынан чыгуусу;
* Коюлган бардык талаптарды алып, соттук тиериштирүүлөрдү толук жана биротоло токтотуу.
Эске салсак, кечээ, 2-январда президент Садыр Жапаров "Кумтөр" кенине болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз өлкөсү менен Centerra Gold компаниясы тынчтык келишимин талкуулоону аяктап жатканын билдирген. Президенттин айтымында, келишим "Кумтөр" ишканасын толугу менен Кыргыз мамлекетине өткөрүп берүү шартын камтыйт.
кошулду

ПОЗОР!!!!!!!!!!!!!!!!!!
Кумторду ушунчалык маскарачылык менен кайтарып алабы?! Позор!!!!!!!!!
4 миллиард доллар эмес, кеминде 20 миллиард доллар доо коюп аягына чейин соттошуу керек эле.....
Коросунор го, Жапаров маскарачылык шартты кабыл алат, анча мынча корректировкасы менен...........
ПОЗОР
Элди журтту ойлогон адам бийликтеги биринчи кундордо эле Кумторду улутташтырып, Центерра менен аягына чейин соттошуп миллиарддарды толотууго жетишмек... Муну эч бири кылбады. Жапаров дагы... 4 миллиарддык доо кагазда эле калыптыр да.........
Кумтор боюнча Абсамат Масалиев, Дооронбек Садырбаев ж.б. журогу кыргыз деп соккон агаларыбыз какшап кала беришкен.
Эгер Жапаровдун ордуна мен болсом Акаевден баштап Жээнбековго чейин эле эмес, Центерранын пайдасына добуш баскан ар бир депутат, ар бир министр, Окмот башчы, Кыргыз олкосунун кызыкчылынына каршы иш алып баргандын баарын каматмакмын. Баарын.
Туура, бул болгону Центерра Голддун талабы. Бир канча айдан бери Центерра Голд менен Кыргыз Окмоту ортосунда суйлошуу, соодалашуу журуп жатат. Бирок соодалашуу Центерранын пайдасына журуп жаткандай. Болбосо ушунчалык маскара талаптарды койбогон болоор эле.
Эгер Кыргызстан бул талаптарга макул болчу болсо, Жапаровдун бетине жабылган коо болот жууса кеткис.
Эгер бийлик Кумторду ала турган болсо, кеминде 10 миллиард доллар кустуруш керек Центерра Голдду. Болбосо маскара келишим тарыхта калат............
Адырандап "алдык,толук отту" дегендер не эле тантырап журдунор эле буга чейин???Жооп бергилечи,неге элди алдап журдунор.Бир айылды алдасанар да мейли эле.Бут Кыргызстанды,озунорду кошуп алдап журупсунор го корсо акмактар.
Кумтөрдү өзүбүзгө өткөрүп алган күндө деле кантип иштетип кетмек эле?
Же силерге ойунчук көрүнүп жатабы?
Казып иштетип берген акысын бериш керекда.